Kırgız Tobunun Tekteştirme Gramatikasının Negizderi


Çelik F., Sadıkov T., Dağıstan S.

Kırgız Ulttuk İlimler Akademiyası Tüştük Bölümü, Osh, 2017

  • Yayın Türü: Kitap / Araştırma Kitabı
  • Basım Tarihi: 2017
  • Yayınevi: Kırgız Ulttuk İlimler Akademiyası Tüştük Bölümü
  • Basıldığı Şehir: Osh
  • Erciyes Üniversitesi Adresli: Hayır

Özet

Учур талабына шай күн ката өнүгүп келаткан тил тааным теориялык парадигмадагы олуттуу өзгөрүүлөрдү баштан кечирүүдө. Өнүгүүнүн азыркы этабында лингвистика илиминдеги талап-зарылдыктарга жана заманбап факторлорго негизделип, тектештирме-салыштырма өңүттөн жүргүзүлгөн изилдөөлөр өзгөчө мааниге ээ болууда. Тектеш тилдердеги жакындык жана айырмачылыктарды илимдин азыркы өңүтүнөн аныктап тактоо түркология үчүн да жаңы иликтөөлөргө жол ачууда. Чыгыш теги жактан алтай бүлөсүндөгү түрк тилдеринин кыргыз бутагын түзгөн, курамына кыргыз, алтай, хакас, тува, шор, чулум, саруйгур, фую кыргыз тилдерин камтыган [СИГТЯ 2002: 476-599, 727, 733], ички түзүлүшү жактан мүчөлөмө тилдик типке жатып, уңгунун туруктуу сактылып, өзүнчө сөз катары колдонулушу, сөздүн грамматикалык формаларынын уланды мүчө менен уюшулушу, туунду сөздүн куранды мүчө менен жасалышы, сөз ичиндеги уңгу менен мүчөнүн үндөштүк аркылуу бир бүтүндүккө биригиши өңдүү типологиялык өзөк белгилери жагынан мүчөлөмө тилдер үчүн үлгүлүү деп табылган [Садыков, Токтоналиев 2015: 3] кыргыз тобундагы тилдердин бири бири менен болгон байланыштарын, анын ичинде атооч түркүмүн текстке алып чыккан жөндөмө категориясын тектештирме өңүттөн салыштырып иликтөө азыркы түркология үчүн өзөк маселе экендиги талашсыз. Демек, монографиялык изилдөөнүн актуалдуулугу, биринчиден, тектеш тилдик парадигмада орун алган жогоркудай проблемалык жагдай менен аныкталса, экинчиден, түркологияда кыргыз тобуна кирген кыргыз, алтай, тува, хакас тилдериндеги жөндөмө категориясы тектештирме планда алгач ирет иликтөөгө алынып жаткандыгы менен шартталат.

Монографиялык иликте курамына кыргыз, алтай, тува, хакас тилдерин камтыган жана огуз, кыпчак, булгар, карлук топтору сыяктуу эле түрк тилдеринин өзүнчө бир тобун түзгөн кыргыз тобунунун жөндөмө категориясы изилдөөнүн объекти деп, жөндөмөлөрдүн семантикасы жана колдонулуш өзгөчөлүктөрү изилдөөнүн предмети деп табылат. Изилдөөнүн максаты - кыргыз тилдеринин тобундагы жөндөмө категориясынын семантикасы жана колдонуш өзгөчөлүктөрүн тектештирип изилдөө аркылуу бул тилдердин ортосундагы жалпылык менен айырмачылыктарды ачып көрсөтүү. Аталган максатты ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй милдеттер коюлат: изилдөөнүн теориялык негиздерин тактоо жана тектеш тилдердеги жөндөмө категориясынын изилдениш тарыхына сереп салуу; жөндөмө категориясынын семантикасы менен жөндөлүштүн типтерин териштирүү; кыргыз, алтай, тува, хакас тилдеринин ортосундагы жалпылык менен айырмачылыктарды ачып көрсөтүү.

Өлкөбүздө жана чет элде басылып, кыргыз, түрк, казак, орус, тува, алтай, хакас, англис ж.б. тилдерде жарык көргөн тектеш жана тектеш эмес тилдердин морфологиясына, жөндөмө категориясына байланыштуу илимий адабияттар, терминдер базалары, энциклопедиялар, окуулуктар, колдонмо куралдар, интернет-сайттар монографиялык изилдөөнүн материалы катары кеңири пайдаланылды. Топтолгон илимий-теориялык, тилдик факты матералдарды сыпаттоодо, салыштырып тектештирүүдө комплекстүү ык-амалдар колдонулат.

Кыргыз тобундагы тектеш тилдердин ичинен кыргыз, алтай, тува, хакас тилдериндеги жөндөмө категориясы менен куранды атоочтун жасалышы тектештирме планда алгач ирет иликтөө алынган бул монографиялык иштин натыйжалары, биринчиден, тектеш тилдердеги жалпылык менен айырмачылыктарды тереңдеп териштирүүгө салым кошсо, экинчиден, ал тилдердин тектештирме грамматикасын андан ары иштеп чыгууга өбөлгө түзөт. Ошол эле маалда мындай натыйжалар жождордун филология, түркология, лингвистика багытында билим алып жаткан студент-магистранттар үчүн адистик курстарды окууда, практикалык сабактарды өтүүдө, окуу китептерди, колдонмо куралдарды, терминологиялык сөздүктөрдү түзүүдө көмөк көрсөтөрү бышык.

Кезегинде К.Тыныстанов зат атооч жөндөлөт, этиш жакталат деп мүчөлөмө морфологиянын өзөк белгисин ачып көрсөткөн экен. Чынында да, зат атооч менен атооч сөздөрдү сүйлөмгө алып чыгып, ал аркылуу текст уюштуруу кызматын аткарган категория жөндөмө категориясы экендиги анык. Ошол эле маалда сөздүк курамындагы сөздөрдүн олуттуу бөлүгүн да мүчөлөп жасалган куранды атоочтор түзөрү чындык. Демек, аталган өңүттөн атооч түркүмүндөгү сөздөрдүн морфологиясы менен сөз жасамын тектештирип иликтөө тилдин типологиялык өзгөчөлүгүнөн да, морфология менен сөз жасоонун изилдениш деңгээлинен да, тилдин теориялык парадигмасын калыпташтырган жоболордон да көз каранды. Бул жагынан теги бир кыргыз, алтай, тува, хакас тилдерин тектештирип иликтөө жакын тектеш тилдердин ортосундагы алака-байланыштарды ачып берүүдө олуттуу экени шексиз. Ошол эле маалда мындагы жалпылыктар аталган тилдердин тектештик өзөгүнөн агып чыгары, ал эми ажырымдар алардын ортосундагы мейкиндик-мезгилдик, тарыхый-маданий факторлордун таасиринен келип чыгары анык.

Монография алгы сөздөн, эки бөлүмдөн, корутундудан, пайдаланылган адабияттардын тизмесинен жана тиркемеден турат.

Алгы сөздө иштин актуалдуулугу, максат-милдеттери, теориялык жана практикалык мааниси аныкталат.

I бөлүм кыргыз тобунун алкагында кыргыз, алтай, тува, хакас тилдериндеги жөндөмө категориясын тектештирип иликтөөгө арналса, II бөлүм куранды атоочтун жасалышын тектештирип териштирүүгө арналат.

Корутундуда изилдөөнүн жыйынтыктары чыгарылат.

Тиркемеде алтай, тува, хакас тилдери боюнча тексттердин корпусу берилет.