КЫРГЫЗ ЖАНА ТҮРК ТИЛДЕРИНДЕГИ БОТАНИКАЛЫК СӨЗДӨРДҮН ГРАММАТИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Tez Türü: Yüksek Lisans
Tezin Yürütüldüğü Kurum: Biskek Sosyal Bilimler Üniversitesi, Filoloji, Kırgız Dili ve Edebiyatı, Kırgızistan
Tez Danışmanı: Prof. Dr. Taşpolot Sadıkov
Tezin Onay Tarihi: 2009
Tezin Dili: Kırgızca
Özet:
Баш сөз
Тилдердин
сөз байлыгы ал тилде сүйлөгөн адамдардын материалдык жана рухий маданиятын,
дүйнөгө болгон көз карашын, дүйнө таанымын да чагылдырат. Белгилүү
тармактардагы сөздөрдүн көлөмү жана алардын структуралык өзгөчөлүктөрү
тилдердин бул темадагы тармак менен байланышкан жалпы байланышын, көп кылымдап
топтолгон тилдик тажрыйбасын ачык жана так көрсөтөт. Анын жанында заттардын
жана түшүнүктөрдүн аталыштары да ал тилде сүйлөгөн адамдардын дүйнөнү ащдап
билүү жана таанытуу жолдорун пайда кылат (Aksan,7б). Өсүмдүктөргө
берилген аттарга сереп салсак, ал коомдун жашоосу менен табийгат ортосундагы
байланыштын канчалык даражада
болгондугун, табияттын адам жашоосундагы маанилүүлүгүн түшүнүүгө болот.
Кыргызстан
тоолуу жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө бай өлкө болгондуктан, бул жерде көп сандагы
өсүмдүктөрдун түрлөрү өсүүдө. Бул жерлер Советтер Союуз убагынан азыркы күнгө
чейин дайыма изилденип келген жана мында табылган өсүмдүктүн түрлөрүнө ат
берилип, «Кызыл Китеп» аттуу китепке киргизилген. Кызыл китепке киргизилген
өсүмдүктөр корукка алынган. (Кыргыз
ССРинин кызыл китеби I. Басылышы, Фрунзе. Кыргызстан: 1985). Кыргыздар бул
өсүмдүк аттарын жашоосунун ар бир тармагында (оюндарда, аңгеме-жомоктордо,
табышмак, жаңылмачтарда, адамдын же жердин аттарында ж.б.) көп колдонушкан.
Жогоруда айтылгандар боюнча, кыргыз элинин
жашоосунда өсүмдүктөрдүн өтө маанилүү орду бар экендигин айта алабыз.
Бул
илимий иштин максаты - кыргыз тилиндеги
өсүмдүк аттарын морфологиялык жана семантикалык жактан изилдөө. Өзгөчө
кээ бир өсүмдүк аттарынан табылган лексемалардын этимологиялык анализдери иштин
жүрүшүндө берилген. Өсүмдүк аттары,
жөнөкөй(тубаса), туунду жана татаал деп ажыратылды. Ошол эле мезгилде өсүмдүк
аттары чыгыш теги, б.а.
этимологиялык жактан да бир топ
талданып, изилдөөгө алынды.
Өзгөчө
түрк тилдеринде бул тармакта аткарылган иштердин колдонулган адабияттарындан
алынган маалыматтар бир бөлүмгө киргизилди.
Илимий
иштин канчалык маанилүү, ошону менен бирге пайдалуу боло тургандыгына
ишеничибиз чоң болгон бөлүм болсо: кыргызча-латынча, кыргызча-түркчө өсүмдүк
аттарынын сөздүгү болгон бөлүм. Ишке эң алгач кыргыз тилиндеги өсүмдүк
аттарынын, латын тилиндеги жана түрк тилиндеги аталыштарын табууга аракет
жасалды. Бул жерде колдо бар болгон адабияттарда берилген өсүмдүк аттарынын
кыргыз тилиндеги формасын, түшүнүгү
латын тилинде берилген болсо ошол колдонулган, же кыргызчасы белгилүү болгон
өсүмдүк аттарынын, орус тилинде да
ошондой болгон болсо, орусча-латынча
өсүмдүк аттарынын сөздүгүнөн латынча аталыштарын таптык. Ал жерден латынчасы
бар болгон сөздөр кыргызча аталыштарынын туурасына жазылып белгиленди. Ал эми
кыргызча-түркчө сөздүк бөлүмүндө, кыргызча өсүмдүк аттарынын эквиваленти болгон
латынча формаларынан баштап жол алып,
түркчө эквиваленттери табылды. Ушундай жолдор менен бир канчалаган
адабият колдонулуп, жыйынтыгында ушул сөздүк түзүлдү.
Бул
илимий иштин кыргыз лингвистикасына жана
маданияттаануу илимине, ботаника илимине, экологияга, фармацевтикага, медицина
тармагына, ошондой эле түрк элдеринин
байланыштарынын жаңылануусуна да көптөгөн пайда келтирээрине ишенебиз. Илимий
иштин жүрүшүндө менден жардамдарын аябаган илимий иш боюнча жетекчим, урматтуу
профессор Садыков Ташполотко жана Бишкек Гуманитардык университетинин кыргыз
филология факультетинин кыргыз тил илими кафедрасында иштеген окутуучуларыма
чын көңүлдөн ыраазычылык билдиремин.
Бишкек 2009 Челик
Фатих